Ош шаарында өткөн жылы газ, суу өндүрүү жана бөлүштүрүү өнөр жайынын көлөмү 2,1 пайызга өскөн

Ош шаарында 2014-жылы газ, суу өндүрүү жана бөлүштүрүү өнөр жайынын көлөмү 2,1 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Ош шаардык мэриясынын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талантбек Кайымов билдирди. 

Маалыматка ылайык, шаар боюнча өнөр жай продукциясында кайра иштетүү өнөр жайынын көлөмү 43,7 пайыз, электр энергиясы, газ жана суу өндүрүү жана бөлүштүрүү өнөр жайы 56,3 пайызды ээлейт. 

"2014-жылы иштетүү өнөр жайынын көлөмү 1208,9 миллион сомду түзүп (2013-жылы 1032,9 миллион сом), 2013-жылга салыштырмалуу 176 миллион сомго же 17 пайызга көбөйгөн. 2014-жылдын апрель айындагы газ берүүнүн токтотулгандыгына карабай электр энергиясын, газ, суу өндүрүү жана бөлүштүрүү өнөр жайынын көлөмү 2014-жылы 1560,4 миллион сомду түзүп (2013-жылы 1528,6 миллион сом), 2013-жылга салыштырмалуу 31,8 миллион сомго же 2,1 пайызга көбөйгөн",- дейт Т.Кайымов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан