Ош шаарында былтыр жергиликтүү бюджетке 21,6 миллион сом ашыкча жыйналган. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талантбек Кайымов билдирди.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 759,2 миллион сом салыктык жана салыктык эмес кирешелер жыйналып (2013-жылы 659,2 миллион сом), планда болжолдонгон 737,5 миллион сомго караганда жергиликтүү бюджетке 21,6 миллион сом ашыкча жыйналган. Ал эми 2013-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 100 миллион сомго көп салыктар жана жыйымдар жыйналган. Анын ичинен Салык кызматы тарабынан жыйналган салыктар жана жыйымдар 737,7 миллион сомду түзүп, 2013-жылга салыштырганда 113,9 миллион сомго көп жыйналган.