Өкмөт жооп берет: Кыргызстан Евразиялык экономикалык союздун толук мүчөсү болгондо, Орусиядан келчү унаалар "растаможкадан" өтөбү?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга толук мүчө болгондон кийин Орусиядан орусиялык унааларды Кыргызстанга алып барып, бажылык тариздөө (растаможка) кыла алабызбы? Унаанын жылы боюнча кандай чектөөлөр болот? Суроо калтырган Kayratmyn.

Жооп: Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык союзга (ЕАЭС) кошулгандан кийин ЕАЭС өлкөлөрүнүн аймагынан чыгарылган товарлар (ошондой эле унаалар) Кыргыз Республикасынын аймагында (ичинде) эркин жүрө алат.

Ушул товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө бажылык тариздөөнүн кереги жок болот. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө чыгарылган жылы боюнча чектөөлөр бүгүнкү күнү бекитиле элек.

Суроого Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жооп берди.  

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kairatmyn
2015-01-29 18:01:40
Чоон рахмат СУПЕР ИНФО аябай коп кундон бери Жооп издеп таппай жаткам. Чыгарылган жылы аныкталган да да билдируу таратып коюнуздар сураныч.
+1
jooshbala
2015-01-29 18:39:51
Ошондо разтаможканын кереги жок болобу?
+1
jan1987
2015-01-29 19:18:14
Мен азыр Москва шаарында 2002-жылкы авто минип журом Москванын номеринде озум Кыргызстандын жараанымын Кыргызстанга минип барсам (майдан кийин) растаможкага толобой эле кирип Кыргызстандан мамлекеттик номер алсам болобу? Инфо жооп жазып койсонуздар плиз.
0
admin_portal
2015-01-30 10:58:58
jan1987, Саламатсызбы!

Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык союзга (ЕАЭС) кошулгандан кийин ЕАЭС өлкөлөрүнүн аймагынан чыгарылган товарлар (ошондой эле унаалар) Кыргыз Республикасынын аймагында (ичинде) эркин жүрө алат.
Демек, сиздин унааңызга Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө бажылык тариздөөнүн кереги жок болот.
0
future_kg
2015-01-29 22:58:07
2015 -жылдан баштап гана чыгарылган авто уналар гана без растаможки кирет, калганы растаможка мн эле кирет менин билишимче,
0
danyshman
2015-01-30 03:48:05
Баарын олтурушту ТС га кирип.
+1
diiazbek
2015-01-30 10:28:35
Мен дагын ушул сурого жооп тапай журот елем азыр менинда машинем барда москвада азыр алып кирсем 6 айга чейин воз менен журуп анда кийин растамошка кылбай еле минип журо берсем болот екенда ошондой болуп калабы сураныч билгендер болсо айтып койгулачы
0
shutUP
2015-01-30 10:53:04
нендурайндар, ошондо жигулилерге күнүбүз түштүбү???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан