Ош шаарында 2014-жылы кызматкерлердин орточо эмгек акысы 888 сомго өскөн

Ошто 2014-жылы кызматкерлердин орточо эмгек акысы 888 сомго өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 2759,9 миллион сомду түздү (2013-жылы 2439,7 миллион сом), башкача айтканда, 2013-жылга салыштырмалуу 111,6 пайызга же 320,2 миллион сомго көбөйгөн.

Рыноктук төлөмдөрдүн көлөмү 39,6 миллиард сомду түзүп (2013-жылы 34,3 миллиард сом), 2013-жылга салыштырмалуу 5,0 пайызга же 5,3 миллиард сомго өскөн. Анын ичинен соода, унаа жана турмуш-тиричиликте керектелүүчү буюм-теримдерди сатуу, оңдоо 4,9 пайызга же 4,3 миллиард сомго өсүп, 33 миллиард сомду (2013-жылы 28,7 миллиард сом) түздү. Чекене товар жүгүртүү 25,3 миллиард сомду (2013-жылы 19,8 миллиард сом) түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата 16,2 пайыз же 5,5 миллиард сомго өскөн”,- дейт З.Аскаров.  

Кызматкерлердин орточо эмгек акысы 2014-жылдын январь-ноябрь айларына карата 10 727 сомду түзүп (2013-жылы 9839 сом) же 888 сомго өскөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bakyr
2015-01-29 18:57:28
эч кандай айлык акыларыбыз оскон жокго((( 5-6 жыл мурун кандай айлык алсак азыр деле ошол айлыкты алып жатабыз!!! ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
chyngyz-KG
2015-01-30 00:43:40
900 сом эле кылбаптырда тоголок же 1000 майдалатпай.Лапша илгенге жараша.
0
semakg
2015-01-30 09:30:23
Кайдагы миллиардтарды айтып жатасынар? ХХХ ХХХ ХХХ... Ош шаарынын бюджети 900 млн. сомдун тегерегинде болсо болгону бул цифралар кайдан чыкты?
0
admin_portal
2015-01-30 11:38:53
semakg, Bakyr - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан