Ошто социалдык педагогдор үчүн эл аралык тажрыйба тууралуу кабардар болуу максатында семинар өттү

29-30-январь күндөрү шаарда Шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин социалдык педагогдору үчүн семинар болуп өттү. Анда эл аралык соцпедагогиканын тажрыйбасы жөнүндө айтылып, анын Кыргызстанда түзүлүш тарыхы, мектеп жетекчилигинде жана жамааттарга өз ара таасир этишиндеги негизги аткара турган кызматтык милдеттеринин өзгөчөлүктөрү жана мекеме-уюмдарга иш кагаздарын даярдоо жолдору жөнүндө маалыматтар берилди.

Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, кошумча учурдун талабына жараша мектеп окуучуларына социалдык педагогдордун жардамы абдан керектүү экендиги айтылып, ар түрдүү багытта иш алып баруулары сунушталды.

Семинар Бишкектеги Социалдык педагогдор союзунун төрайымы Н.Жакупова жана Оштогу жетекчилиги З.Элмуратованын жетекчилиги менен өткөрүлдү. Ага Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептердин социалдык педагогдору катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан