Өмүрбек Текебаев: "Мен ЖАМКнын төрагасы Зарылбек Рысалиевди полиграфка чакырам"

"Мен Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиевди полиграфка чакырам" деп билдирди депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн, 7-февралдагы ЖКнын жыйынында. Анын айтымында, Рысалиевдин "Текебаев мени коркутту" деген сөздөрүнүн баары жалган. "Рысалиев полиграфтан өтсүн, ошондо жалган сөз айтса, аппарат үн чыгарат, мен аны коркуткан эмесмин. Эмне жөнүндө сөз болгонун өзү жакшы билет",- деди Текебаев. Айта кетсек, ЖКнын жыйынында мурдагы Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев "7-апрель окуясындагы талап-тоноо фактысын иликтөө учурунда Өмүрбек Текебаев телефон чалып коркутту" деп билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан