Ош шаарынын олуттуу көйгөйлөрүнүн бири болуп жергиликтүү калкты таза суу менен камсыздоо саналат. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 11 миллион 890 миң доллар, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан 8 миллион 450 миң евро акча каражаты бөлүнгөн. Бул тууралуу кечээ, 2-февралда Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров билдирди.
“Азыркы учурда банктардын каржылоосунда сыйымдуулугу 6000 метр куб болгон жаңы 2 резервуардын курулушу башталат. Ушул эле сыйымдуулуктагы 1 резервуарды калыбына келтирүү иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Буюрса, шаардыктарды таза суу менен камсыз кылуу көйгөйү толук чечилет”,- деди З.Аскаров.