Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитети 3-февралдагы жыйынында мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун карап, 3-окууда жактырды. Демилгечилердин айтымында, бул нормага ылайык, ар бир мамлекеттик кызматкер керектүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсү шарт. Андан сырткары мыйзам нормалары кызматкерлердин кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктайт. Аталган демилге боюнча 2-окууда берилген сунуштар кабыл алынганын демилгечи депутат Кожобек Рыспаев комитет мүчөлөрүнө билдирди.