3-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 16 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард 757 миллион метр кубга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 149 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 184 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 596 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 778 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 3-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 773 миллион метр кубду түзгөн.