Ош шаарынын мэри Достук аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушуу өткөрдү

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кечээ, 3-февраль күнү Достук аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Жолугушуунун алкагында А.Кадырбаев тургундарга Ош шаарындагы 2014-жылы аткарылган жумуштар, жетишкендиктер жана ушул жылы аткарыла турган иштер тууралуу кенен маалымат берди.

“Өткөн жыл шаарыбыз үчүн жемиштүү жылдардан болду. Жыл ичинде бир топ жетишкендиктерге жетиштик, алардын эң негизгиси - шаарыбыздын туруктуулугу, элибиздин ынтымагы жана биримдиги. Мындан сырткары 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Туризм департаменти тарабынан туризмди өнүктүрүү жаатындагы ийгиликтери үчүн шаарлардын арасында Ош “Мыкты шаар” деп табылып, бардык көрсөткүчтөр боюнча республикада алдынкы орунда. Бул жалпы баарыбыздын эмгегибиз”,- деп белгиледи Кадырбаев.

Шаар тургундары өз маселелерин, кайрылууларын жана сунуштарын калаа башчысына түз айтышып, тиешелүү жоопторун алышты. Тургундар тарабынан айтылган маселелер боюнча мэр тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Иш-чарага мэриянын өкүлдөрү, шаардагы тиешелүү мекемелердин, ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан