Пишпек шаарынын биринчи мэри Илья Терентьевдин үйүн калыбына келтирүүгө бюджетте акча каралган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда брифингдин жүрүшүндө Бишкектин вице-мэри Бакыт Дүйшөнбиев билдирди.
Анын айтымында, аталган имарат бүгүнкү күнү Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансында турат. "Мэрия тарабынан Терентьевдин үйүн калыбына келтирүү демилгеленип, бул үчүн меценаттык акча каражатын алып келүү сунушталган. Буга 500 миң сом керектелгени айтылган, бирок бюджетте имаратты калыбына келтирүүгө каражат каралган эмес. Буга карабастан, мэрия бул маселени караштырып жатат",- деди вице-мэр.