Борбор калаада баңгизат менен 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Совет - Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлеринин текшерүү маалында Л.Н. аттуу жарандын жанынан баңгизат табылган. Тиешелүү экспертизадан кийин ал жалпы салмагы 1,5 граммды түзгөн героин экени аныкталган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.