Борбор калаада бир нече алдамчылык фактысына шектелип, 20 миң доллар алган жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 4 жаран кайрылган. Анда алар Толкун аттуу таанышы алардын ишенимине кирүү менен акчаларын алып, бербей жатканын айтышкан. Жабырлануучулардын жалпы чыгымы 20 миң долларды түзгөн. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.