Орусияда кыргызстандык жаран айылдашын өлтүргөнү үчүн 14 жылга соттолду. Ал эми "бул адам өлтүрүү фактысына катыштыгы бар" делген Өзбекстандын жараны 13 жылга эркинен ажыратылган. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 2013-жылдын январь айында болгон. Анда карызын алуу үчүн кыргызстандык жаран өзбекстандык досу менен айылдашына келишкен. Кийин алардын ортосунда уруш чыгып, карыз берген жаран айылдашын бычак менен сайып өлтүргөн.