“Кыргыз чоролоруна” кылмыш иши козголду

“Кыргыз чоролоруна” кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы “Люкс” караоке-барынын ээси Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазган. Анда ал “Кыргыз чоролору” уюмунун өкүлдөрү 23-январь күнү аталган караоке-барды текшерүүгө алышканын айткан. Бирок анда эс алуучу жайдан интимдик кызмат көрсөткөн кыздар табылган эмес. Рейдден улам ал жакка келгендердин саны да азайган.

Учурда “өзүм билемдик” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
EdikoKG
2015-02-05 11:10:24
Чоролор алга!!!
+1
AshatMJ89
2015-02-05 11:22:47
Чоролор туура кылгансынар, аталган караоке-барда кыздар иштейт, мен оз козум менен коруп джурчумун. 30 дан ашык кыргыз кыздар иштейт, мындан тышкары жетекчиси корей адам, ошол ай сайын кореяга кыздарды жонотуп турат. Менин 2 досум ошол жерде кузотчу болуп иштечу. Ал жаккам кыргыздарды киргизбейт, жалан корейлер келет.
+5
aizada.ru
2015-02-05 11:29:26
Кыргыздарды ал жака киргизбесе анда чын эле сойкуканада,арам акча табып жегиче кафелерде идиш жууп иштешсе болот ,не болсода адал.
0
akyn-jurogu
2015-02-05 11:57:54
Сойку болуп, денесин сатып корейлерге! Соз жок...
0
aidartegin
2015-02-05 12:17:44
Кыргыз чороолорунун курамына кантип кошулса болот );
0
uli96
2015-02-05 12:22:45
Кырк чоро алга!
0
Aidar.001
2015-02-05 19:04:10
Ошол 40 чорону жоопко тарткан сот окулдору уялса экен кыргыз элинен
0
temirov76
2015-02-05 22:57:56
Уят иш, кыргыз чоролоруна колдоо корсоткондун ордуна сотко берип,арыздануучу озу кыргыз эле бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан