Гейлерге каршы мыйзамды жактаган активисттер Бишкекте 3 талап менен тынч митингге чыгышты

Бүгүн, 5-февралда Бишкекте активисттер Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Кыргызстандын ички саясатына киришүүсүнө каршы тынч митинг өткөрүшүүдө. 60 чакты активисттин катышуусундагы иш-чара саат 11:00дө Ак үйдүн астында башталды. “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов  билдиргендей, чогулгандардын 3 талабы бар:  

1. 2014-жылы ЖКнын кароосуна кирген гомосексуализмди жайылтууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору парламент деңгээлинде каралып, кабыл алынсын;

2. Чет элдик бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизүү; 

3. Акыркы күндө педофилдер күч алып жатканына байланыштуу өлүм жазасы каралсын. 

Ж.Молдокматов кошумчалагандай, тынч митингдин уюштуруучулары депутаттарды жолугушууга чакырышкан. Учурда алар депутаттарды күтүп жатышат. 

Кошумчалай кетсек, митингге "Калыс" уюму, "Славян маданияты борбору" коомдук бирикмеси, "Күчтүү Кыргызстан" кыймылы, Кыргызстандын коммунисттик партиясы жана "Таза оппозиция" кыймылы катышат. 

Гейлерге каршы митингди депутат колдоду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
edu.kg
2015-02-05 12:04:23
Каап кооп адамдар чыкканда жакшы болмок эле . Алардын талаптары аткарылабекен эми. Мен 100% кошулам аларга
+2
Maksat81
2015-02-05 12:09:54
ХХХ ХХХ ХХХ... Эс алып эс алып эле беш кишини чогултуп чыгып калат. Гейлер оздору менен оздору эле журот бироонун артын тырмаган жок.
-5
Ariet7
2015-02-05 12:12:06
Maksat81, Эмне ХХХ ХХХ? ?Аябай ызырыныпсын го
+1
admin_portal
2015-02-05 12:36:54
Ariet7 - эскертүү!
Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
-2
admin_portal
2015-02-05 12:35:59
Maksat81 - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
+1
Maksat81
2015-02-05 13:28:10
Атын чыкпаса жер ортто деген ушул, гей пропаганданы митинге чыккандар оздору жургузуп жатышат, же эмне гейлер тууралуу жанылыктарды кундо маалымат каражаттарынан коруп байкап журосунорбу? ГЕЙлер жок болсун деп митинг уюштуруп, гей эмне экенин жакшы тушунуп билбеген карапайым элдердин кулагына куюп жаткандары митингчилердин оздору болуп жатпайбы. Алардын дымагы эмне? албетте саясый упай топтоо, бул элди озуно бурдуруунун чон куралы.
+1
ALIK-BRO
2015-02-05 15:41:13
жок жоок бул жерде саясый упай топтойбу жок барибир бийликти тазала ш керек кетирип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан