Ысык-Көл облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин үч кызматкерин сабагандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-январь күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин үч кызматкери баңги каражатын сатуу менен алектенген жаранды кармашкан. Бирок ал телефон аркылуу тааныштарын чакырып, үч кызматкерди сабап салышкан. Мунун кесепетинен алар ооруканага жаткырылышкан.
Учурда кылмышка шектүү катары 3 жаран кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.