Бүгүн, 5-февралда Ак үйдүн жанында 60-70 адамдын катышуусунда митинг өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө "Калыс" саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов алардын тынчын алган негизги маселелер менен тааныштырды.
Митингчилер менен жолугушууга чыккан депутат Нуркамил Мадалиев алар койгон талаптардын жөндүү экенин айтты. "Европа парламенти Кыргызстандын парламентинин гейлерге каршы мыйзам долбооруна каршы чыгып, Кыргызстандын мамлекеттик ички иштерине түздөн-түз кийлигишип жатат деп санайм. Мындай иш-аракетти коркутуу иретинде кабыл алышыбыз керек",- деген пикири менен бөлүштү депутат.
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга толуктоолорду киргизүү боюнча демилге парламенттин тиешелүү комитети тарабынан 1 жылга жакын атайын токтотулуп турат. Комитет башчысы Наталья Никитенко "бейөкмөт уюмдар өз корутундуларын жөнөтпөй жатышат" дейт. Февраль ичинде ушул демилге каралат деген ишеничтебиз. Буга биз болгон күчүбүздү жумшайбыз",- деп түшүндүрдү Мадалиев.
Ал эми гомосексуализмге каршы мыйзам долбоору тууралуу ал демилгечилерге кайрылууну сунуштады. Андан соң чогулгандар тарап кетишти.