Бакай-Ата районунун тургуну ок атуучу курал менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган райондун 1990-жылы туулган А.К. аттуу тургуну ТОЗ-8 мылтыгын мыйзамсыз алып жүргөн. Сайлуу ок атуучу куралдын номуру өчүрүлгөн. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.