Бишкекте ара төрөлгөн эки ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки ымыркайдын жансыз денеси Улуттук госпиталга жакын жерден табылган. Алдын ала маалымат боюнча, ымыркайлар 5-6 айлык болуп төрөлүшкөн. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.