Бишкек-Ош унаа жолунда 36 тонна күйүүчү май алып бараткан унаа ала салып, күйүп кетти

Бүгүн, 5-февралда саат 12:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа ала салып, толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош багытында бараткан менчик май тарткан МАН үлгүсүндөгү унаа ала салып кетип өрттөнгөн. Бензин толугу менен төгүлүп, күйүп кеткен. Өрт болгон жерге КРнын ӨКМнын Жайыл райондук өрткө каршы кызматынан бир бөлүм жана “Жунда” жоопкерчилиги чектелген коомунан 1 бөлүм чыгып, өрт саат 13:30да өчүрүлгөн.  
Азыркы учурда унаадан төгүлгөн бензиндин жанынан аккан Кара-Балта суусуна канча көлөмдө күйүүчү май киргени жана ал суудан ичкен жакынкы Сосновка, Кайырма, Бөксө-Жол айылдарына канчалык деңгээлде коркунуч бар экенин аныктоо максатында жергиликтүү санэпидстанциянын өкүлдөрү тарабынан суудан үлгү алынып, изилденүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sabyr1977
2015-02-07 01:47:56
Айдоочусу не болду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан