Бишкек шаарында "бычактап туруп тоноп кеткен" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 3-февраль күнү саат 19:00 чамасында Жибек Жолу-Будённый көчөлөрүнүн кесилишинен аны белгисиз 2 жаран бычактап, жанындагы акча каражатын алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.Б. аттуу жаран кармалды. Учурда ал камакка алынып, бул факт боюнча иликтөө улантылууда.