Биз социалдык тармакта

Жайыл районунда күйүүчү май ташып бараткан унаанын өрттөнүшү Суусамыр өрөөнүндө электр жарыгын үзгүлтүккө учуратты

Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы 36 тонна бензин ташып бара жаткан унаанын өрттөнүшү “Сосновка- Төө-Ашуу” аба электр чубалгысынын ишине залакасын тийгизген. Чубалгыдагы оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 5-февралда Суусамыр өрөөнүндө саат 15:30дан 18:30га чейин электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Оңдоо иштери учурунда “Төө-Ашуу” тоннели автономдук булактардын жардамы менен күнүмдүк режиминде иштеп жатат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuru95kg
2015-02-05 18:37:04
Ии Жаман болуптур! Озун Сакта Кудай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан