Чүй облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Азамат Шаршенов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал кылмыш дүйнөсүндө Протез каймана аты менен белгилүү. Анын үйүн тинтүү учурунда Калашников автоматы жана баңгизат табылган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.