Акыркы суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, борбордогу үйлөрдүн биринен өрт чыкты

КР ӨКМнын алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызматы агенттигинин маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Борбордогу Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен шифер жабылган турак үйдүн 48 чарчы метр чатыры, шыбы, 48 чарчы метр жыгач полу, кире бериши, ашкана жана балдар бөлмөсү толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Араван районуна караштуу Чек-Абад айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен шифер жабылган турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры, 64 чарчы метр үйдүн шыбы, 1 тонна пахта сабактары, 4 эшик, 3 терезе, 4 килем, 40 төшөк толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан