Майлуу-Суу шаарындагы Көк-Таш айыл аймагында 7 адамдын сибирь жарасын жуктуруп алганы айтылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, учурда алар шаардык ооруканага жаткырылган.
Сибирь жарасын жуктуруп алды деп шектелип жаткан жарандар:
1. Уразов Кудайберди, 1965-жылы туулган, Көк-Таш айылынын тургуну;
2. Сабиркулов Эрмек, 1988-жылы туулган, Көк-Таш айылынын тургуну;
3. Султанов Адыл, 1977-жылы туулган, Көк-Таш айылынын тургуну;
4. Жумалиев Айдар, 1964-жылы туулган, Көк-Таш айылынын тургуну;
5. Мурзалиев Анарбай, 1959-жылы туулган, Көк-Таш айылынын тургуну;
6. Мурзалиев Бакыт, 1978-жылы туулган, Көк-Таш айылынын тургуну;
7. Усубалиев Айдар, 1962-жылы туулган, Көк-Таш айылынын тургуну.
Такталган маалыматтарга ылайык, 24-январда Көк-Таш айылынын тургуну Сайбидин Мурзалиевдин малын коңшулары союшуп, 36 кожолукка таркатышкан. Учурда союлган малдын эти Ноокен райондук ветеринардык лабораториясына жөнөтүлдү.