Кара-Көл шаарында балык уулап жүрүшүп Нарын суусуна чөгүп кеткен 2 адамды издөө иштери натыйжа берген жок. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-февраль күнү саат 17:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 395-чакырымында Нарын дарыясына 3 адам кайык менен балык уулаганы чыккан. Кайык оодарылып, 2 адам чөгүп кеткен, 1 адам тирүү калган. Издөө иштерине 4 куткаруучу жана балдардын туугандары тартылган, бирок аларды издөө иштери натыйжалуу болгон жок.