Борбор калаада аялдамада турган 2 адамды сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 5-февралда саат 18:00 чамасында болгон. Өмүракунов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаа менен Вольво үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Катуу соккудан улам Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаа аялдамада турган 2 адамды жана короону сүзүп, окуя болгон жерден унаасы менен качып кеткен. Натыйжада аялдамада турган 2 жаран оор жаракаттарды алып, ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда айдоочуну издөө иштери улантылууда.