Каракол шаарынан Сирияга 4 адам кеткени аныкталды

Каракол шаарынан согуштук аракеттерге катышуу үчүн Сирияга 4 адам кеткени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

"Иликтөө иштеринин алкагында 2014-жылдын июль айында бир тууган ага-инилер аялдары менен Сирияга кетишкени аныкталды. Аталган факт кечээ Ысык-Көл ОИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан да тастыкталды. Алар: 34 жаштагы К.Мирлан жана анын 27 жаштагы Э.Рахмахон аттуу аялы. Ошондой эле К.Мирландын бир тууган иниси, 27 жаштагы К.Нурлан жана анын 18 жаштагы К.Паризат аттуу жубайы Түркия аркылуу кеткени белгилүү болду",- деди С.Усубакунов.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан