Бишкек-Ош унаа жолунда унаа күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 534-чакырымында Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаанын мотор отсеги күйө баштаган. Бир нече мүнөттүн ичинде өрт күч алган. Аны өчүрүүгө далалат кылган айдоочунун аракеттеринен натыйжа чыкпай, окуя болгон жерге куткаруучулар чакырылган.