КТРКнын башкы директору
Султан Жумагулов кызматтан кетүү боюнча Байкоочу кеңешке арыз жазды. Ошондой эле Коомдук каналдын башкы директорунун орун басары
К.Болотканов да арыз жазган.
Арыздарды Байкоочу кеңеш кезексиз жыйында карап жатканын бүгүн, 6-февралда КТРКнын башкаруучу органы болгон Байкоочу кеңештин төрагасы
Илим Карыпбеков интернеттеги социалдык баракчасына жарыялады.
Эске салсак, КТРКнын Байкоочу кеңеши башкы директорлук кызматка 23-ноябрда Султан Жумагуловду шайлаган эле.