Борбордо шаардын тургунун тоноп, үстүндөгү кийим-кечелерин алып кеткен жарандардын бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал Чыгыш автобекетинен белгисиз 3 жаран аны тоноп, акча каражатын жана зер буюмдарын алып кеткенин айткан. Учурда бул кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Сокулук районунун тургуну кармалды. Азыркы тапта анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени аныкталып жатат, калган шектүү жарандар изделүүдө.