Ош шаарында 2016-жылы таза суу маселеси толугу менен чечилет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ак-Тилек аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
“Шаардын олуттуу маселелеринин бири - элди таза суу менен камсыз кылуу. Бул маселе узак мезгилдерден бери чечилбей келе жаткандыгы баарыбызга маалым. Инвестиция тартуу жолу менен шаарыбыздагы керектөөчүлөрдү таза суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн көп аракеттер жумшалды. Жыл башынан бери мэриянын Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташтыгыбыз өзүнүн жакшы жыйынтыгын берип, алар менен биргеликте азыркы учурда сыйымдуулугу 6000 куб метр болгон жаңы 2 резервуардын курулушу башталса, ушул эле сыйымдуулуктагы 1 резервуарды реабилитациялоо иштери жүрүүдө. Бул долбоордун жалпы суммасы 103,1 миллион сомду түзөт. 2016-жылдан тартып шаардыктарды таза суу менен камсыз кылуу маселеси толук чечилет”,- деди А.Кадырбаев.
Ошондой эле жолугушуунун алкагында аталган аймактын тургундары таза суу, бала бакча маселеси боюнча суроолорун калаа башчысына түз берип, тиешелүү жоопторун алышты. Ал эми шаар мэри шаардагы аткарылган жана аткарыла турган жумуштар жөнүндө элге дайым маалымат берип турарын баса белгиледи.