Орусияда “кыргыз кызын уурдап, акча талап кылган” деп шектелип дагы 5 кыргызстандык кармалды

Орусияда “кыргыз кызын уурдап, акча талап кылган” деп шектелип дагы 5 кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында кыргызстандык кызды белгисиз адамдар уурдап, 300 миң рубль акча талап кылышкан. Орусиянын күч органдары тарабынан бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Орусиянын жараны жана Кыргызстандын 3 жараны кармалган. Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул фактыга шектүү катары дагы 5 кыргыз жараны кармалганын билдирди.

Кылмышка шектүүлөр: 29 жаштагы Б.Г. (Орусиянын жараны) жана Кыргызстандын жараны, 25 жаштагы С.Н., 36 жаштагы М.К., 30 жаштагы С.Н., 34 жаштагы М.Б., 32 жаштагы К.Т., 26 жаштагы М.З., 30 жаштагы С.Ш., 29 жаштагы К.Ж.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
baba.
2015-02-06 18:25:32
ммм оной акча табуунун жолуго деп ойлойм.ошол 5 кыргыздын аты жонун толук жазсанар жакшы болот эле.мумкун алар биздин арабызда эле аралашып жашап журушкондур квартирада.
+3
Rifle
2015-02-06 18:33:51
Ата энеси да билет эле балдары эмне кылып жургонун.
0
beknazar_81
2015-02-06 21:02:45
Аты жонун толук жазбайсынарбы Урматуу Админ?
-1
ekaterinburg
2015-02-07 00:14:28
beknazar_81, аты-жонун жазса тергоо иштери бузулуп кетиши мумкун.Ойлонсонор озунор деле,ой тообооо...
+1
Dinki
2015-02-06 22:34:53
Толук маалымат берсениздер админ аты жону фотосу менен
+2
milan_92
2015-02-06 22:52:09
kaisy kinodon uironuwtu eken.jakwylap dayrdansanar bolmok
-1
Nurtilek001
2015-02-06 23:57:56
Бироонун жеринде журуп бири бирине колдоо корсоткондун ордуна кайра оз жердештерин тоногон айбандар.
+1
Jakai89
2015-02-07 01:42:31
Патироттор кана
+1
kama_future_millioner
2015-02-07 03:58:54
Аты жөнүн толук жазып койсоңор болмок
0
Xabibbullo
2015-02-07 05:10:19
Кылымышка шектуу деп жатат. Толук куноолу экенине доказательствосу жок атын жазбайт. Качан соттолгондо ошондо аты фамилиясы суроту менен чыгат
+1
orhidea83
2015-02-07 10:00:55
Оной акча оокат болбойт, кичине башты иштетсенер болбойбу жон эле которуп журо бербей.
0
origami
2015-02-07 11:34:53
Кече куну мени да кыргыз балдар алдап кетишти авиябелет сатып алган элем 6январга корсо ал жасалма белет экен.эч жака уча албай акчамы полиция менен журуп зорго алдым.кимде ким мага окшоп белет алып акчанарды кайрый албай журсонор полицияга эле арыз жазып салгыла.алдаган бала кыргыз аты жону ХХХ ХХХ ХХХ 1981 жылкы Майлуу Суудан болот экен.Киевский метродо жашайт деп уктум.Мындай аферистерден жалан Кыргыздар жабыркап атканы окунучтуу
0
admin_portal
2015-02-09 10:13:06
origami - эскертүү!
Далили жок маалымат жазып кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө жол берилбейт.
0
argen.kg4
2015-02-07 18:30:58
Жашы чон эле нерселер экен инсап берсин Аллахым.
0
shiko
2015-02-07 19:52:16
Патриоттор эркектер мыктылар оз кыздарын сыйлай албаган коргой албаган агаларыбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан