Ошто мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылат

Ошто мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылат. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2008-жылы Ош шаарындагы Ак-Буура суусунун жээгинен С.С. аттуу жаранга 10 жылдык мөөнөт менен 2500 чарчы метр жер тилкеси берилген. Бирок ал жаран өзүм билемдик кылып суу фондунун карамагындагы тилкеге конок үйүн жана бассейн курган. Бул мыйзамсыз курулуш боюнча шаардык прокуратура Ош облустук райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылган. Ал эми сот “жер тилкеси мыйзамсыз берилген” деген чечим чыгарган.

Учурда С.С. аттуу жаранга “өзүм билемдик” жана Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерине “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, жер тилкесин мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча иштер жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle
2015-02-06 20:35:41
Даяр эс алуу борборун тартып алуу эмесби?
Кыргыз куруп, иштетип жатса тийбегиле. Кыргыз байып онуго берсин. Башка болсо дароо тартып алыш керек.
+5
uulay
2015-02-07 14:09:58
Бул жаны курулган бассейн эмеспи? Балээ эле болду го. Курулуп буткончо кайда журушуптур? Мурунураак эскертсенер ал адам да мынча чыгаша болбойт эле.
+1
danyshman
2015-02-07 19:00:00
Ой киминер тартып алам деп жатасынар?байкуш кыргыз салган даяр нерсеге коз артып.Кичине кудайга карасанар.Озбектер салса эч унчукбайсынар да,Кыргызга асыласынар.Оштун центрин жакшы жерлерди озбектер ээлеп алган го,карагыла ошолорду.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан