“Милиция кызматкери Толкунбек Шоноевди өлтүргөн” деп шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү Кадырбек Сайдиев Ош шаарынан кармалган. Ал көптөн бери Орусиянын аймагында качып жүргөн.
Эске сала кетсек, 2013-жылдын 11-январында милиция кызматкери Т.Шоноевди белгисиз адамдар үйүнө келе жатканда атып кетишкен.