Бишкекте унаасы менен бакты сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 6-февралдан 7-февралга караган түнү болгон. Анда Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып жол жээгиндеги бакты сүзүп алган. Андан соң унаасын таштап, белгисиз тарапка качып кеткен. Учурда аны издөө иш-чаралары жүрүүдө.