Бишкекте мас болуп, милиция кызматкеринин моюнун тытып алган аял кармалды

Бишкектеги кафелердин биринде мас болуп алып, милиция кызматкеринин моюнун тытып алган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чүй көчөсүндө жайгашкан кафенин ээси кайрылган. Анда ал мас аял чыр салып, кардарларга тынчтык бербей жатканын айткан. Аталган жерге милиция кызматкери барган. Бирок ага мас аял каршылык көрсөтүп, кийимин айрып, моюнун тытып алган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 1985-жылы туулган М.Б. милиция бөлүмүнө алынып келинди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
BRILIANTTKA
2015-02-07 17:40:36
Кее бир адамдарда уят деген нерсе жоголду. Аял заты ичпей эле койсо. Ылжып мас болуп турса, көзүңө албарстыдай болуп көрүнөт экен...
+5
Samina007
2015-02-07 20:25:12
Беттти жжок!!
+1
EdikoKG
2015-02-07 20:26:39
Озун сыйлабаган,озгону да сыйлабайт.
+1
bakyt_2015
2015-02-07 21:18:53
Баратбай авам айткандай аялдык назиктиги кыздык белгиси менен кошо тамам болгон, аял аты бар бироо да,бут аял затына соз тийгизген
0
Bakulya79
2015-02-07 21:19:13
Ичип алып,кочо чанытпаган аялдар эле калды эле.тынч бала-чаканы багып эле уйдо отурбайбы.
-1
Maxx
2015-02-07 21:28:13
Женщина кошка экен да)
0
Aidar.001
2015-02-07 22:15:52
ургачы кочкор экен типо,2015 аял заты мн эсте калат окшойт
+1
aihan77
2015-02-07 23:52:25
Aidar.001, 2015 анги эркектердин жылы менен эсте кала турган болду! Жалан эле зордуктагандар. Кайсы куну кирбе созсуз бироону зордуктагандан башталып жатат жанылыктардын баары!
+3
Bermet_Kasymova
2015-02-08 00:30:50
Ичкендин да чеги болуш керек да. Эмне учун ичти болду экен?
0
temirov76
2015-02-08 00:39:55
Эми акырыын аялдар ичип алып эркектерди зордогонго отпосо болду.
+1
chon-alai90
2015-02-08 00:41:12
азаматсынар кыргыздын келечек энелери силерге соз жок силерден чыккан бала келечекте ким болот.эх аллахым озун нисап бер буларга.
-3
Seitbek.93
2015-02-08 01:15:00
милиционерди мен тушунбойтам,озу алар колду кайрыш озуно защита койгонду окуп уйронотко курсант кезинде.
Мас аялдан озун коргой албаса,профсенал бандиттерди айтпай эле койолу.
+3
Abdyrawit
2015-02-08 04:24:04
Seitbek.93, Андай деле моюунун тытып ,кийимин айрып салбаса керек...
болгону биздикилер кичине коркомдоп койду да...
Эгер кийимин айрыганча туруп берсе анда жакшы милиция экен
+1
danyshman
2015-02-08 07:40:34
Аял мас болсо керек да,соо катын антбейт эле.Милиса да жоош момун окшойт,кыздай назик болуп,болбосо ошол мас катындын колун бура кайрып колуна кишен салса болот го.Негизи милисаларда да кишендери жок жетишбеген заман.
0
demo009
2015-02-08 12:03:11
Курсант кезинде,защита кылганды уйротбой эле,100го чейин санаганды уйротсо керек да.100го чейин санап туруп берген да милиция дагы.
0
ALBIKA
2015-02-08 17:26:57
Эмнеге бизде адамдардын аттары М.Б.ж.б.кыскартыла берет.Уялбагандан озун уял дегендин белгиси го...
0
casio-ctk
2015-02-09 03:19:06
заман бузулду деп оной эле айтабыз,ошол заманды озубуз бузуп атканыбызды тан албайбыз,албетте мен бузулдум деп эччким айтпайт!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан