Баткен облусунда диний-экстремисттик материалдар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, күч органдары тарабынан Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү аныкталып, анын жашаган жери текшерүүгө алынган. Натыйжада экстремисттик маанайдагы 10 китеп, 110 баракча, 10 китепче алынган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.