Кара-Суу районунда эки бир туугандын Сириядагы согушка катышып жатканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын май айында аталган райондун 1985-жылы туулган М.Б. аттуу тургуну Сириядагы согушка катышуу үчүн кеткен. Кийин анын артынан, тактап айтканда, 2014-жылдын январь айында 1988-жылы туулган М.Р. аттуу инисинин да кеткени аныкталган.