Алай районунда жабылган унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-февраль күнү саат 19:20 чамасында Ош – Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолунун 177-чакырымында болжол менен көлөмү 630 метр куб болгон кар көчкү түшкөн. Мындан улам жол убактылуу жабылган. Аны тазалоо иштерине транспорт кызматынан 1 даана жүктөгүч, 1 кар тазалоочу унаа тартылып, 20:15те жол толук ачылган. Кыйроо жана адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.