Ысык-Көлдө өткөн жылдын 28-ноябрында балык уулаганга кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан эки жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чоң-Өрүктү айылынын 48 жаштагы Эмил Ашыров жана 47 жаштагы Ишен Алмабеков аттуу тургундары өткөн жылдын 29-ноябрынан бери изделүүдө. Тилекке каршы, издөө иштеринен натыйжа чыга элек. Эске салсак, буга чейин издөө иштери 2-3 жолу аба ырайына байланыштуу токтотулуп, кайра улантылган болчу.