24-январда Бишкекте 8-кабаттан кулап көз жумган 14 жашар кыздын өлүмүн себептери иликтенүүдө. Бул тууралуу 9-февралда SUPER.KG`ге ИИМдин басма сөз жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, өспүрүм кыздын өлүмүнө үй-бүлөсү менен болгон араздашуу түрткү болушу мүмкүн. "Тергөө иштеринин жыйынтыгы чыкмайынча башка маалымат бере албайбыз",- деди Сейитов. Учурда окуяны Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы иликтеп жатат.
Айта кетсек, Бишкектин 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен ушул жылдын 24-январында түшкө маал 14 жаштагы кыз бийиктен боюн таштап каза болгон. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кыз апасына таарынып жүргөн.