Чаткалдын Каныш-Кыя айылындагы 10-класстын окуучусунун өлүмү боюнча тергөө иштери улантылууда. 9-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун билдиришинче, бул фактыга аралашкан аталган айылдын 11-классынын окуучулары кармалып, суракка алынышты. Учурда 2 окуучу шектүү катары убактылуу камакка алынды.
Эскерте кетсек, Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылынын 10-классынын окуучулары менен 11-класстын окуучулары 21-январда мушташып, бирөөсү ошол жерден каза тапкан.