Маркум Татьяна Оропаеванын өлүмүнө шектүү катары эки адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсү Гүлмира Мукамбетова 9-февралда Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.
"Өткөн жылы 20-октябрда Энергетиктер кичи районунун аймагынан, Чоң Чүй каналынан 41 жаштагы Татьяна Оропаеванын жансыз денеси табылган. Татьяна 17-октябрдан 18-октябрга караган түнү өз үйүндө киши колдуу болуп көз жумган. Анын өлүмүнө шектүү катары эки адам кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренесинин негизинде убактылуу камакка алынды",- деди Мукамбетова.
Ал эми жыйында маркумдун жакыны Олег Северин "кимдир бирөөлөргө эжемдин батири керек болуп, аны өлтүрүүгө атайын буйрук берилген" деп эсептээрин айтты.