Борбор калаада тоноочулукка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 38 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал Арча-Бешик жаңы конушунан белгисиз жарандар күч колдонуу менен анын акча каражатын, уюлдук телефонун жана үстүнкү кийим-кечесин алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 27 жаштагы эки жаран кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.