Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти

Бишкек-Торугарт жолунда айдоочу унаасы менен жөө адамды сүзүп кетип, ал каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя Аламүдүн районуна караштуу Мыкан айылында болгон. Мазда үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан айдоочу жолдон өтүп бараткан жөө жүрүүчүнү кеч көрүп, убагында унаасын токтото албай калган. Оор жаракаттардан улам 40 жаштагы жабырлануучу окуя катталган жерден каза болгон. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан