Арсен, Бегиш Кыш
00:03:02
Жүктөлгөн: 06-01-2015
03:02
2.77 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (14)
Nurgazy_baetov
2015-01-07 00:06:45
Mmmmmm
+2
Bek94
2015-01-07 12:18:45
Бегиш кыйын чыкты го .
0
Bek94
2015-01-07 12:29:08
Бегиш Арсен азамат ырынар жакты.
0
Ronaldo
2015-01-07 20:44:03
Арсен менен Дайыр Исмадияров экоонун уну жок,эптеп эле жан багып журушот да.
+2
momposui22
2015-01-11 04:06:56
Нон-стоп дуетинин ырлары жок гоо, админ суперге киргизилгенби? Жооп кутом...
0
admin_media
2015-01-12 11:44:52
momposui22,
Саламатсызбы! Төмөндөгү шилтемелер менен кириңиз:
http://www.super.kg/media/?search_term=non+stop&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
0
dastan_nookat
2015-01-11 20:25:28
Мага эч жакан жок кечирип койунуздар!!
0
damir007
2015-01-12 11:46:02
dastan_nookat, сизге да жакпай турган ыр болот экен ээ ))). Сонун ыр ошентсе да там дам тем
0
qursy
2015-01-21 09:37:18
Реально ырдаптыр, айтыптыр. Менин бойум кыска деп ким айта алат, жигит экен. Буту тайганын элестетип кулдум. Анекдотко караганда бул ыр менин маанайымды которду.Башка сынчы болгондо ушинтип да ырдайбы демек. ким жаны жылда мандарин жебеди айткылачы мага?
0
vipinter95
2015-01-21 12:59:22
Бегиштин стилин тушунбой эле угуп алгандар да .кээ бир адамдын табити эски муундардын ырларына топкелет...хип хоп реп 21-кылым учун гана. жакшы ыр заманбап. москвадамын уйго баратып кобунчо бир эшик суук журокто жылылук турамын кар устундо мен музыка угуп элдерди карасам бары шашылат карысы да жашы да жанп тайгаланган машина деген жерлерин коп угам кыймылым туура келгенсийт ырдап койом кошулуп мага жакты подержка кылгыла да ашыкча сын айтпай
+1
nurkojo
2015-01-23 01:10:23
Админ ырдын тексттин кошо киргизип койсонуздар...
0
kanybektagaev007
2015-05-08 23:44:44
Алга жигиттер жакшы чыгыптыр
0
meder710
2015-11-05 22:25:26
минууууус
0
maks93
2017-11-30 12:42:08
Бегиштин ырдагы жагат!
0
Арсен , Бегиш "Кыш"
"Бир тууганчик" тасмасынын саундтреги
Бир аз эшик суук, бирок жүрөктө жылуу,
Турамын кар үстүндө мен музыка угуп.
Элдерди карасам баары шашылат,
Карысы да жашы да жана тайгаланган машина.
Бул кыш мезгил Африкада күтпөгөн,
Жылмаюну алыстатып кабактарды бүркөгөн.
Карапайым калкты кыйнап убараны жүктөгөн,
Музга айлантып айлананы көрүнгөнсүйт бүтпөгөн.
Аны көзгө алба, бул да кайгыга салбайт,
Ишембиге даярданып досторуң менен камдан.
Салтка калган көнүгүү, лыжа менен өнүгүү,
Аппак болуп жердин бети кыштын сыйкыр бөлүгү.
Эгер кар көп жааса, өзүң жалгыз калсаң,токтогонсуйт өмүрүң...
Жылытсын музыкам жанды, жүгүртүп тамырдан канды.
Чыдап кой сен бир аз калды, жаз да келет көрүнүп.

Кайырма:
Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн,
Жарык жүктөгөн элиме,
Ар бир үйгө кут толуп,
Жаңыласын бүт толук жериме.

Көлдүн үстү көк муз жылгаяк,
Азыр бештин айы, жыл аяк.
Жаңы жыл, элим кайра жылмаят,
Ар бир үйдө таттуу мандарин, ыр майрам.
Көлдүн үстү көк муз жылгаяк,
Азыр бештин айы, жыл аяк.
Мени карап кыргыз аяз кызы жылмаят,
Сулуулугун көтөрө албай менин буттарым таят.
"Жаңы жылдык белектер жылуулукту берет" деп,
"Аяз ата баш багып, унутпастан келет" деп.
Күтөм мен, күтөт бүт дүйнө, күтөт президент,
Күтөт ар бир үй бүлө, кубанычка кезигет.
Кыштын бою меникиндей кыска болсун,
Бирок кыш да өзгөлөнүп кызык досум.
Үшүп калба жылуу кийин көңүлүңдү түшүрбө,
Чыдап кой сен, бир аз калды кыш да өтөт сызып досум.

Кайырма:
Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн,
Жарык жүктөгөн элиме,
Ар бир үйгө кут толуп,
Жаңылансын бүт толук жеримде..
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан