Биз социалдык тармакта
Аяна Касымова Сүрөтүңө
00:03:51
Жүктөлгөн: 10-07-2015
03:51
3.52 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (21)
jaskaaa
2015-07-12 01:01:58
Аянка Азамат. бул ыр биз жакта хит болуп атат
+1
Amantur.
2015-07-12 16:47:38
Таң ай,негедир үнүн өтө эле кысып коюптур.А балким ыр үчун кыскандыр,ким билет... Орто
-3
dastan_nookat
2015-07-15 19:16:16
Аяна сонун ырдайсын !
+1
ilknur_95kg
2015-07-16 19:26:59
Аянанын башка ырларында киргизип койгулачы?
+1
sanzharurmatov
2015-07-19 13:25:56
Жаны муундардардын аткаруусу азыркы жашообузга заманыбызга туура келет Азаматсын Аяна
+1
Lenovo97
2015-07-20 15:30:55
Азаматсын Аяна ийгилик!
+1
NurZami
2015-07-21 19:42:36
Golosu ukmuw
+2
friendwipkg
2015-07-23 15:03:19
аяна ким өзү маалымат берип койгулачы мезгилден аркада калыпмын, радиодон да башка жактан да чыгып атат.
-1
Daiza
2015-07-23 15:23:07
friendwipkg, интервью бериптир бул жакта http://www.super.kg/article/show/31499
+1
hanisa
2015-07-23 21:46:30
Menda uwul yr menen oorup kaldym,golosu soonun eken
+1
Asema06
2015-07-24 23:00:54
Биздин кезде хит болчу, азмат.
+2
dastan_nookat
2015-08-24 19:49:07
Жылдын ыры !
0
jikitai
2015-09-21 02:10:35
Жылдын ыры кошулам
0
RasulZz
2016-09-20 11:20:51
Ушуну ыр десе болот жакшы өнөрү өркүндөй берсин 5
0
arzygulR
2017-03-03 15:31:52
Клас
0
ckopnuol-l
2018-06-29 11:38:10
Калбай" - эч болбосо беттен бир оп . Дегени адамдын аты эмеспи ?
0
Аяна Касымова "Сүрөтүңө"
Сөзү : Ж. Садыковдуку
Обону : Ж. Мамажановдуку
Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?

Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөмүн сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.

Өппөдүм, мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.

Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү, же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан