Тамга Ак Кара
00:03:47
Жүктөлгөн: 04-08-2025
03:47
3.5 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (1)
webprog
2025-08-29 16:39:00
сонун ыр экен )
0
Тамга "Ак Кара "
Сөзү : Ч. Алиев
Обону : Ч. Алиев
Түн караңгы агарып таң көрүнөөр ээй
Ак-карабы ниети тагдырыңа мөөр ээй
Ак-карабы ак-карабы ак-карабы
Мээнетиң тагдырыңа мөөр

Жүрөгүм алдында жол бөлүнүп иий
Сабырым шам жакса, жол көрүнүп иий
Үзүрү эмгегимдин, өзүмүн ыйманымдан ээй
Элиме болгон сүйүүдөн деймин

Ээээ Тагдырым кадырым өзүмөн, менден
Ээээ Эгемен жалгады, калганы менден

Ала таң алдындагы
Кайдагы болбосун кай кара түн өтөөр
Ала-Тоо ыйманынанбы
Айбатын орнотуп, байрагы түзөлөөр

Ала таң алдындагы
Кайдагы болбосун кай кара түн өтөөр
Адамың ыйманынанбы
Айласын орнотуп, байрагы түзөлөөр

Түн караңгы, агарып таң көрүнөөр ээй
Ак-карабы, ниети тагдырына мөөр ээй
Ак-карабы ак-карабы ак-карабы
Мээнетиң тагдырыңа мөөр

Атадан тарбия алганы, уулунун пайдасы же зыяны ээй
Аялы кордукка калганы, энени сыйлоого сыйбаган ээй
Келечек кеңдиги пейлиңде, жакыныңа болгон мээримде
Өзгөнү койгун өзүңдөн баштагын деймин баштагын дейм

Ээээ Тагдырым кадырым өзүмөн, менден
Ээээ Эгемен жалгады, калганы менден

Ала таң алдындагы
Кайдагы болбосун кай кара түн өтөөр
Ала-Тоо ыйманынанбы
Айбатын орнотуп, байрагы түзөлөөр

Ала таң алдындагы
Кайдагы болбосун кай кара түн өтөөр
Адамың ыйманынанбы
Айласын орнотуп, байрагы түзөлөөр

Түн караңгы, агарып таң көрүнөөр ээй
Ак-карабы, ниети тагдырына мөөр ээй
Ак-карабы ак-карабы ак-карабы
Мээнетиң тагдырыңа мөөр
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан